БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Башкы прокуратура Бишкек — Кара-Балта унаа жолун курууда 104 миллион сом сол чөнтөккө кымырылганын аныктады.
Башкы көзөмөл органы тарабынан Бишкек — Кара-Балта жолунун (15,9-61-чакырымдары) курулуш-реабилитациялоо иштеринин көлөмү жана жол катмарынын үлгүлөрү текшерилген. Долбоордун баасы 17 миллион 763 миң доллар, ал Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан ишке ашырылып жатат.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында көчөнү жарыктандыруу үчүн лампалары бар 450 металл мамылардын, 36 парапеттин, эки аялдаманын, орнотулган темир торлордун, А тибиндеги асфальт-бетондун жана башка мүлктүн жетишсиздиги, ошондой эле жолго жыштыгы төмөн болгон асфальт төшөлгөндүгү аныкталган. Натыйжада мамлекетке 104 миллион 81 миң 600 сомдук материалдык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.