БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бүгүн, 5-июнда, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл артисти Дооронбек Садырбаевдин эстелигинин ачылышы болду. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
Иш-чараны министр Алтынбек Максутов ачып, Дооронбек Садырбаевдин өмүрү-чыгармачылыгы жана кыргыз маданиятынын өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы тууралуу айтып берди.
Андан соң мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп, Дооронбек Садырбаевдин кыргыз мамлекетинин келечегине жүрөгү менен күйүп, анын жаркын келечеги үчүн кылган иштери жана анын басып өткөн жолу кийинки муунга үлгү экенин белгиледи.
Ал эми Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков жана Тамара Жаманбаева анын бийик адамгерчилигин, эл үчүн жан аябай ак ниет, адал эмгек кылган коомдогу ардактуу ордун сыймыктануу менен эскеришти.
Эстелик Жаш Гвардия бульвары менен Чүй проспектинин кесилишинде жайгашкан "Октябрь" кинотеатрынын батыш тарабына коюлду.