Шортычан келип албагыла. Депутат аткаминер айымдын кийимин сынга алды. Видео

Туйбаева жыйынга ачык түстөгү шым менен күлгүн түстөгү көйнөк кийип келген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев айыл чарба министринин орун басары болуп жаңы дайындалган Айнура Туйбаеваны кийимин дресс-кодго туура келбейт деп сындады.
"Бул айым министрдин орун басары, бизде дресс-код жана башка түшүнүктөр бар. Президенттин өкүлү, кийим-кечесин карап койсоңуз. Бул жер Жогорку Кеңеш, мындай темп менен эртең шортычан келип албагыла", — деди Эрбаев.
Бирок депутат аткаминер кийип келген ачык түстөгү шым менен күлгүн түстөгү көйнөк эмнеси менен жакпаганын түшүндүргөн жок.
39 жаштагы Айнура Туйбаева кызматка дайындалганы тууралуу маалымат бүгүн белгилүү болду. Мурда ал санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеген.
Мыйзам резина эмес. Өмүрзаков Конституциялык соттун жооп беришин талап кылды