Пресс-борбор

Бишкектеги суу көйгөйү. Вице-мэр азыр абал кандай болуп жатканын айтты

Норма бир кишиге 170 литрди түзөт, бирок керектөө 500 литрге чыгып кетүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев Бишкекте суунун жетишсиздиги боюнча азыркы абалды айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөдү.
"Бүгүнкү күндө Бишкекте, өзгөчө шаардын түштүк бөлүгүндө, жаңы конуштарда суунун деңгээли азайып кеткени байкалууда. Бул биринчи кезекте керектөөнүн жогорулашы менен байланыштуу. Мындай маселе жыл сайын жаралат. Айрым жер үйлөр ичүүчү сууну огородду сугарууга пайдаланышат. Бул суунун нормадан ашык колдонулушун шарттайт. Норма бир кишиге 170 литрди түзсө, бүгүнкү күнү 500 литрге чейин чыгууда. Мындан тышкары, калктын, абоненттердин саны өсүп жатат. Ала-Арча суусунда май айынын соңунда суу дээрлик жок болду. Орто-Алыш суу кампасынын аймагындагы бассейндер да кургап жатат. Суу горизонтунун статистикалык деңгээли 20 метрге ылдыйлады", — деди Шамыралиев.
Анын айтымында, акыркы үч-төрт күндүн аралыгында бассейндерге суу толо баштаганы байкалууда, буга абанын температурасынын жогорулашы жана мөңгүнүн тездик менен эриши жардам берген. Суунун деңгээли турукташа баштады.
"Ала-Арчага куйган бассейндердеги суу жок дегенде эки метрге көтөрүлсө Орто-Алыш суу кампасындагы насостун иши жакшырат деп ишенип жатабыз. Суу сордуруу жогорулап, абал турукташат", — деди вице-мэр.
Эскерте кетсек, буга чейин мэрия ичүүчү суунун азайып кеткенине байланыштуу Бишкекте рейд жүрүп, натыйжада бассейндер, мончо, унаа жуучу жайлар жабылып жатканын билдирген.
Пресс-борбор
Мэрия сууну көп колдонгондорго жогорку тариф киргизүүнү пландап жатат