Бишкекте айрым көчөлөр 6-7-июнь күндөрү маал-маалы менен жабылып турат

Милиция жол жээгине автоунааларды калтырбоого жана жүк ташуучуларды зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкек жана Чүйдө айрым көчөлөргө 6-7-июнь күндөрү маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Аталган чектөөлөр Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келерине байланыштуу.
Убактылуу жабыла турган жолдор:
"Манас" эл аралык аэропорттун жолу Бишкек шаарына чейин;
Жибек Жолу проспектиси Фучик көчөсүнөн чыгышты карай, Жаш гвардия бульварына чейин;
Жаш гвардия бульвары түштүктү карай, Жибек Жолу көчөсүнөн тартып Чүй проспектисине чейин;
Чүй проспектиси Жаш гвардия бульварынан чыгышты карай Манас көчөсүнө чейин;
Манас жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин;
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып "Ала-Арча" эс алуу паркына чейин.
Милиция бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан жол жээгине автоунааларды калтырбоону, жүк ташуучулар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочуларды жол инспекторлорунун талаптарына баш ийип, эрежелерди так сактоону суранат.
Пресс-борбор
Бишкектеги суу көйгөйү. Вице-мэр азыр абал кандай болуп жатканын айтты