УКМК: техниканы 57 млн. сомго кымбат алган "Инфокомдун" жетекчиси кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, иликтөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик каттоо кызматына жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталган.
"Тендердин кээ бир катышуучулары менен сүйлөшүп, IT-жабдыктарды кымбат баада сатып алып, ал эми алардын кээ бирлери иш жүзүндө сатып алынбай, бирок жасалма түрдө алынды кылган "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалган. Алдын ала маалымат боюнча, келтирилген чыгым 57 миллион сомду түздү.
Далилдердин негизинде Т.Э.Б. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
УКМК Даниэл Ажиевди кармады