Чек ара кызматы "Ак-Тилекте" автоунаалар эмнеге узун кезекке турганын айтты

Кыргыз тараптан жүк ташуучуларды чек ара көзөмөлүнөн өткөрүүдө эч кандай чектөө жоктугу белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынын көзөмөл өткөрмө пунктулары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Бүгүн саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча "Ак-Тилек" бекетинде жүк ташуучу унаалардын узун кезекке туруп калганы байкалууда. Бул Кыргызстандан айыл чарба продукцияларын башка өлкөлөргө экспорттоо сезону көбөйгөнүнө байланыштуу экени айтылды. Башка кыргыз-казак көзөмөл-өткөрүү пунктуларында адамдардын жана машиналардын чогулганы катталган жок.
Кыргыз тараптан жүк ташуучуларды чек ара көзөмөлүнөн өткөрүүдө эч кандай чектөө жоктугу белгиленди.
Өзбекстанга аткезчилик менен товар жөнөтүү фактысы дрон менен тартып алынды. Видео