Өлкөдө коммерциялык банктардын пайдасы дээрлик үч эсеге өстү. Статистика

Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. 2023-жылдын январь-март айларында финансы секторунун уюмдарынын кирешеси 30 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 24 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
"Пайданын өсүшү коммерциялык банктарда, камсыздандыруучу жана кредиттик уюмдарда байкалды, ал эми анын төмөндөшү Улуттук банкта болду", — деп айтылат маалыматта.
Бирок ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 1,5 эсеге көбөйүп, 18,6 миллиард сомду түзгөнү белгилүү болду.
Быйылкы I кварталга карата өлкөдө экономиканын финансы секторунда 632 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 357 күрөөкана, 142 микрокредиттик уюм, 93 кредиттик бирикме, 15 камсыздандыруу компаниясы жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм иш жүргүзгөн.
Улуттук банк жумушка чакырат. Вакансиялар