Нарын театры Казань шаарындагы фестивалга барат

Театр Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" саунддрамасын тартуулайт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театры Татарстандын Казань шаарына барат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, коллектив 5-11-июнь күндөрү 1998- жылдан бери эки жылда бир өтүп келген XVI эл аралык түрк тилдүү элдеринин "Наурыз" театралдык фестивалына катышат.
Театр залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" саунддрамасын 7-июнда Галиасгар Камал атындагы Татарстан мамлекеттик академиялык театрында тартууламакчы.
Спектаклдин режиссёру Улан Өмүралиев, сүрөтчүсү Алан Саймин, композитору Айнура Качкынбек кызы, хореограф Евгения Куликова. Театрдын жетекчиси Алмаз Дардаилов, көркөм жетекчиси Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Майрамбек Сагынбаев.
Чүйдө "Супара: түрк элдеринин салттуу ашканасы" этнофестивалы өтөт. Убакыт-сааты