Кыргызстан менен Кытай 6 ГЭС курат. Акылбек Жапаров жерлерди көрүп чыкты

Долбоордун максаты — электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтуу.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1 100 МВт болгон 6 ГЭСтин каскадын Кытай менен биргеликте куруу пландалууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров гидроэлектростанциялар курула турган жерди тик учак менен көрүп чыкканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1100 МВт болгон 6 ГЭСтин каскадын Кытай менен биргеликте куруу пландалууда

2 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров гидроэлектростанциялар курула турган жерди тик учак менен көрүп чыкканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

3 / 3

Эскерте кетсек, Жапаров Ысык-Көлгө жумушчу сапары менен барган, анын алкагында бир катар объектилерди көргөн

Эскерте кетсек, Жапаров Ысык-Көлгө жумушчу сапары менен барган, анын алкагында бир катар объектилерди көргөн.
"ГЭС каскаддарын куруу долбоорунун максаты — электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтуу жана керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү менен сапатын жогорулатуу", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Жапаров Дүйнөлүк банктын "Борбордук Азиядагы аймактык байланыштарды жакшыртуу боюнча программалардын үчүнчү фазасы" долбоорунун алкагында Түп — Кеген жана Каркыра — Турук — Сары-Жаз унаа жолдорунун курулушу менен таанышты. Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн жогорудагы жолдорду куруу иштерин 2025-жылы бүтүрүү пландалууда.
Мындан тышкары, өкмөт башчы Каракол шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча аткарылган жана аткарыла турган транспорт, өндүрүш, туризм сыяктуу бир катар тармактардагы аткарылып жаткан иштерден кабардар болду.
Жапаров жыйынтыгында Каракол шаарынын жетекчилигине "Каприз" тоо лыжа базасына бара жаткан жолду реконструкциялоо, оңдоодон өтүп жаткан "Каракол" аэропортуна кошумча жер бөлүү жана шаардагы мал базарды калаанын четине чыгаруу сыяктуу бир катар маселелерди чечүүнү тапшырды.
Кытайдан жүк ташыган айдоочулардын виза алуу маселесин жеңилдетүү талкууланды