Эрдоган ишке киришкен соң 17 министрдин 15ин алмаштырды

Өз ордунда саламаттык сактоо жана маданият министрлери гана калган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган расмий ишке киришкенден кийин 17 министрдин 15ин алмаштырды. Бул туурасында "Анадолу" агенттиги министрлер кабинетинин жаңы курамын жарыялаганда белгилүү болду.
Өз ордунда саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа менен маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой гана калган. Вице-президент болуп Жевдет Йылмыз дайындалды.
Кечээ Анкарада Эрдогандын инаугурациясы болгон. Ал 28-майда өткөн Түркиянын президентин шайлоонун биринчи турунда добуштардын 52 пайызы менен утуп чыккан.
Садыр Жапаров биринчи айым менен Эрдогандын инаугурациясына барды. Видео