Ысык-Көлдө чек арачылар үчүн пансионат ачылып, ага президент катышты

Эми аймактарда кызмат өтөгөн чек арачылар үй-бүлөсү менен бирге толук кандуу эс алууга жана ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын жаңы ведомстволук пансионатынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 7

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын жаңы ведомстволук пансионатынын ачылышына катышты

2 / 7

Эс алуу жайы үчүн Жапаровдун тапшырмасы менен каралбай калган "Дельфин+" пансионатынын аймагы бөлүнүп берилген

3 / 7

Капиталдык курулуш 2022-жылдын декабрынан тарта жүрдү

4 / 7

Пансионатта заманбап ыңгайлуу корпустар, коттедждер, ден соолукту чыңдоочу жай, конгресс-холл иштейт, жашыл зонада балдар ойноочу аянтчалары да бар

5 / 7

Чек арачылар өлкөнүн бардык облустарынан, анын ичинде алыскы райондордон келип, үй-бүлөсү менен бирге толук кандуу эс алууга жана ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алышат

6 / 7

Келечекте бул жерде эс алуучу чек арачылардын санын көбөйтүү үчүн кошумча корпустарды куруу пландаштырылууда

7 / 7

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып мамлекет башчысы күнү-түнү, суукта жана ысыкта мамлекеттик чек араны кайтарган мекен сакчысынын кесибинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Эс алуу жайы үчүн Жапаровдун тапшырмасы менен каралбай калган "Дельфин+" пансионатынын аймагы бөлүнүп берилген. Капиталдык курулуш 2022-жылдын декабрынан тарта жүрдү.
Пансионатта заманбап ыңгайлуу корпустар, коттедждер, ден соолукту чыңдоочу жай, конгресс-холл иштейт, жашыл зонада балдар ойноочу аянтчалары да бар.
Чек арачылар өлкөнүн бардык облустарынан, анын ичинде алыскы райондордон келип, үй-бүлөсү менен бирге толук кандуу эс алууга жана ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алышат.
Келечекте бул жерде эс алуучу чек арачылардын санын көбөйтүү үчүн кошумча корпустарды куруу пландаштырылууда. Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып мамлекет башчысы күнү-түнү, суукта жана ысыкта мамлекеттик чек араны кайтарган мекен сакчысынын кесибинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
"Бул ардактуу кесип ээлерине жогорку кесипкөйлүк, мыкты даярдык, бекем эрк гана талап кылынбастан, мекенчилдик сезим, бийик адамгерчилик, ар-намыска бек туруу, тайманбас жүрөк дагы талап кылынат. Мындай асыл сапаттарды алып жүргөн чек ара аскерлерибиз Ата Мекенге кынтыксыз кызмат кылуунун кепилдиги болушат. Дал ушундай көк жал, тоо жүрөк чек арачыларыбыздын буга чейинки куралдуу кагылышуулардагы, контрабандисттерге бөгөт коюудагы, террорчу-сепаратисттик топторду жок кылуудагы көрсөткөн эрдиктери, каармандыктары калк арасына жайылып, эл оозунан түшпөй келет. Ата Журттун бүтүндүгү, чек арабыздын бекемдиги, эл-журтубуздун бейпилдиги үчүн жан аябай кылган кызматыңар Айкөл Манас атабыздын урпактары экениңерди далилдеп турат", — деди президент.
Жапаров жаш чек арачылардын артында туруп, мол тажрыйбасы менен бөлүшүп, акыл-насаатын айтып келе жаткан ардагерлерге да өзгөчө ыраазылык билдирди. Ал Кыргызстаныбыздын эгемендигин, бүтүндүгүн, сырткы жана ички коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жан аябай кызмат өтөп жаткандар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү иштери мындан ары да улантыларын баса белгилеп өттү.
Максат айылында Ташиевдин катышуусунда 40 метрлик флагшток орнотулду