Бишкектеги жарым марафон кандай өтүүдө. Дрондон тартылган видео

Спорттук иш-чара Кыргызстандан башка дагы беш мамлекетте болот.
Sputnik
Бишкектин борбордук бөлүгүндө One Run эл аралык жарым марафону өтүүдө.
Жүздөгөн жөө күлүк 1, 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкка чуркашат. Мында бир чакырымдык жарышка балдар түшө алат.
Бүгүн ушундай эле жарым марафон Россия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кытайда да өтмөкчү.
Иш-чараны Кыргызстандан Жеңил атлетика федерациясы менен Россиянын "Лига героев" бирикмеси уюштуруп жатат.
Жарым марафондун негизги максаты — сергек жашоо образын жана спортту жайылтуу.
One Run марафону биринчи жолу Россияда 2017-жылы өткөн. Быйыл иш-чара эл аралык статуска ээ болуп, Россиянын чегинен чыкты.