БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Россия аскер күчтөрү Белгород облусундагы Новая Таволжанкада украин диверсанттары менен согушуп жатат. Бул тууралуу региондун жетекчиси Вячеслав Гладков Telegram каналы аркылуу жасаган кайрылуусунда билдирди.
"Учурда кагылышуу болуп жатат. Алардын баары жок болот деген ишенимдемин. Башкача болушу мүмкүн эмес", — деди ал.
Губернатор диверсанттар сүйлөшүүнү сунуштаганын, жолугушууга ал туткундагы жоокерлерден улам гана бара албай жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, Украинанын диверсиялык-чалгындоочу тобу 22-майда Белгород облусунун Грайворонский шаардык округуна кол салган. Бир күн бою алар чек аралаш райондорду аткылап, учкучсуз аппараттардан жарылуучу заттарды ыргытышкан.
23-майда РФтин Коргоо министрлиги контртеррордук операция жүргүзүп, улутчул топтордун таш-талканы чыкканын билдирди. Калгандары Украинанын аймагына сүрүлүп, ошондон ары тыптыйпыл болгон. 70тен ашуун украин террорчусу, төрт аскердик ок өтпөс машина жана беш пикап жок кылынды.
Тергөө комитети алты берене боюнча кылмыш ишин козгоду, арасында террорчулук да бар.