Радио

Айтматов атындагы сыйлыкты алгандарга канча акча берилет? Расмий жооп

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына жарыяланган сынак 10-августта жыйынтыктала турганын айтты.
Sputnik
Бул жылы Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын алгандардын ар бири 100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланат. Бул тууралуу Марат Тагаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган сыйлыктын жеңүүчүлөрүн аныктоо максатында 15 кишиден турган комиссиялык топ түзүлдү.
"Быйыл Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын алган ар бир адам 100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланат. Буга чейин айтып келгендей, 11 номинация боюнча сынак жүрөт. Жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн жаштардын тилин түшүнгөн комиссиялык топ түзүлдү. 2021-жылга салыштырмалуу калыстар тобунун мүчөлөрү да дээрлик жаңыланды десем болот. Алардын саны жалпы 15 кишини түздү. Жаштардан суранарым, чыгынып, кайдыгер карабай бул сыйлыкка өздөрүн көргөзүшсө. Ошондой эле 10-августту күтпөстөн, эртерээк эле өздөрү тууралуу маалыматты бизге сунуштоого чакырам", — деди министрдин орун басары.
Ал 15 кишиден турган комиссиялык топту Эдил Байсалов жетектей турганын кошумчалады.