Бишкек: жакында "Тазалыктын" техникаларынын иштегенин онлайн көрүп турууга болот

Учурда мындай программа техникалардын 80 пайызына орнотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкектиктер жакында "Тазалык" ишканасынын жүк ташуучу унааларынын кыймылын онлайн-режимде көзөмөлдөй алышат. Бул тууралуу муниципалдык ишкананын директору Рамиз Алиев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул программа таштанды ташуучу автоунаалардын 80 пайызына орнотулган. Ал жетекчиге таштандылар кайсы көчөлөрдөн алынганын, ошондой эле бишкектиктердин арыздары боюнча көрсөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөөгө жардам берет.

"Мен канча техника иштеп жатканын, алардын кыймылын көрө алам. Убакыттын өтүшү менен бул программа жарандар үчүн да жеткиликтүү болот. Андан таштанды чыгарган автоунаанын сиздин көчөңүзгө качан келип кеткенин көрсөңүз болот", — деди Алиев.

Таза сууну үнөмдөйлү! Мэрия бишкектиктерге кайрылды