Садыр Жапаров биринчи айым менен Эрдогандын инаугурациясына барды. Видео

Ант берүү аземине баш-аягы 40 мамлекеттин башчылары келгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркиянын кайрадан шайланган президенти Режеп Тайип Эрдогандын инаугурациясына катышты. Ант берүү аземи Анкарадагы "Күлие" комплексинде болгон. Президент Садыр Жапаров менен бирге жубайы, биринчи айым Айгүл Жапарова кошо барган.
Салтанатка 40 мамлекеттин башчылары келгени айтылды.
Түркияда президенттик шайлоонун биринчи турунда, 14-майда азыркы президент Эрдоган толук жеңишке жеткен эмес. Саясий өнөктүктүн экинчи туру өтүп, алдын ала жыйынтык боюнча Эрдоган добуштардын 52 пайызын алып утуп чыккан.
Ант берген Эрдоган президенттик кызматына киришти. Видео