Пентагондун башчысы Пекин Вашингтондун чалууларына жооп бербей жатканын айтты

Буга чейин ЖМКлар Пекин Вашингтондун Кытай менен АКШнын коргоо министрлеринин жолугушуусун Сингапурдагы форум аянтында өткөрүү сунушун четке какканын жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Пекин курал-жаракты биргелешип көзөмөлдөө келишимин иштеп чыгуу боюнча Вашингтондун чалууларына жооп бербей жатат деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бул тууралуу Пентагон жетекчиси Сингапурда өткөн "Шангри-Ла диалогу" аймактык коопсуздук форумунда сүйлөгөндө айткан.
"Биз бул маселеге (курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча — ред.) абдан олуттуу карайбыз... Ал боюнча КЭР менен конкреттүү байланыштарга келсек, бул теманы талкуулоо керек. Алар биз телефон чалганда жооп берери менен муну жасайбыз", — деген Остин.
Буга чейин маалымат каражаттары "Пекин Вашингтондун Кытай менен АКШнын коргоо министрлеринин жолугушуусун Сингапурдагы форум аянтында өткөрүү сунушун четке какты" деп жазган болчу.
АКШ менен Кытайдын мамилеси 2022-жылдын августунда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын ошол кездеги спикери Нэнси Пелосинин Тайванга жасаган сапарынан кийин кескин түрдө салкындаган. Аралды өзүнүн провинцияларынын бири деп эсептеген Пекин бул аракеттерди тайвандык сепаратизмге колдоо катары көрүп, айыптап, масштабдуу аскердик машыгууларды өткөрдү. Америка Кошмо Штаттарынын асманында кытай шарынын пайда болушу, андан кийин атып түшүрүлгөнү алардын ортосундагы чыңалууну күчөткөн.
"Шангри-Ла диалогу" форуму жума күнү Сингапурда башталып, 4-июнга чейин уланат.
ЖМКлар ЦРУнун башчысы май айында Кытайга жашыруун барганын жазды