БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Германиянын Фалькензе шаарында өткөн Социал-демократтар партиясынын фестивалында чогулган эл канцлер Олаф Шольцту жактырбай сындап, ышкырып-кыйкырып турушту. Бул тууралуу жергиликтүү Bild гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Басылма маалымдагандай, ал жердегилер мамлекеттин башчысын "согуштун шыкакчысы", "калпычы", "бандит" деп кыйкырышты.
Трибунага Шольц менен чыккан Бранденбург аймагынын премьер-министри Дитмар Войдке да ушундай мамилеге кабылган. Украинадагы кырдаал үчүн Москваны күнөөлөп, чогулгандарды тынчтандырууга аракет кылган. Бирок эл ызы-чуусун токтотпой да, тынчыбай да койгон.
Буга чейин Шольц Таллинде Германия Украинаны "канча зарыл болсо, ошого чейин" колдой турганын айткан.