БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы абал тууралуу айтып берди.
Россиянын дүң соода түйүнүндөгү күйүүчү майдын баасынын өзгөрүшүнө байланыштуу РФтин Монополияга каршы департаментинде Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жолугушуу болуп өттү. Ага "РН-Кыргызнефтепродукт", "Газпромнефть Азия", "Альфа Ойл", "Партнер Ойл", ШНОС компанияларынын жана Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү катышты. Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан көрүлүүчү чаралардын комплекси иштелип чыгып, Экономика жана соода министрлигине сунуштар жөнөтүлдү.
Күйүүчү май менен камсыздоочулардын жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын тең салмактоо максатында нефтетрейдерлерге төмөнкүлөр сунушталды:
"Атаандаштык жөнүндө" КР мыйзамынын талаптарын так аткаруу;
Кыргызстандын ички рыногундагы кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам жооп кайтаруу;
мунай продукцияларына жана суюлтулган газга баалардын кескин жогорулашына жол бербөө;
Монополияга каршы кызматтын суроо-талаптарына тезирээк жооп берүү;
рынокту толтуруу жана мунай продукцияларынын тартыштыгын болтурбоо үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын зарыл запастарын камсыз кылуу;
май куюучу станцияларда аз толтурууну көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү.