ТИМ: Индияда кырсыктагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Индиядагы поезддер кагылышкан кырсыкка кабылгандардын арасында кыргызстандыктардын бар экени боюнча маалымат түшкөн жок. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, трагедия кечээ, 2-июнда, Одиша штатынын Баласор шаарына жакын жерде болгон. Темир жол агенттигинин маалыматына караганда, Калькуттадан Ченнайга бараткан жүргүнчү поездинин 10-12 вагону жүк ташуучу поезд менен кагылышып, рельстен чыгып, карама-каршы рельске кулап түшкөн. Анын кесепетинен кеминде 288 адам көз жуумп, 900гө чукулу жаракат алган. Учурда куткаруу иштери уланып жатканын, аталган аймактын тегерегиндеги ооруканалар кырсыктагандарды кабыл алууга даярдалганын кабарлашкан.
"Кыргызстандын Индиядагы элчилиги кырдаалга көз салып турат. Учурда кырсыкка кабылгандардын арасында кыргызстандыктардын бар экени боюнча маалымат түшкөн жок", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүн президент Садыр Жапаров Индиянын калкына жана премьер-министри Нарендра Модиге бул трагедияга байланыштуу көңүл айтты.
Поезддер кагылышкан кырсык: Жапаров Индия элине жана өкмөт башчысына көңүл айтты