"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына мурдагысындай болуп "бөтөлкөнүн түбүнө" түшүп кетүүдөн корккон аял кат жазган.
Саламатсыздарбы, мен азыр 50 жаштамын. Учурда борбордун четиндеги жаңы конуштардын биринде үй-бүлөм, экинчи күйөөм менен жашайм. Турмуш курганыбызга төрт жылдын жүзү болду. Буга чейин турмушка чыгып, 10 жылдан ашык Ошто жашадым. Баргандан кийин бир жыл өтүп эле балканактай уул төрөп алгам. Кийин кандайдыр бир себептерден улам төрөй албай калдым. Канча аракет кылдым, бирок такыр эле боюма бүтпөй койду. Дарыгерге да көрүнүп, кыргызча эмчилерге да тынбай каттадым. Майнап чыккан жок. Ошону менен балам 11 жаштан өткөндө төрөбөгөнүм себеп болуп ажыраштык. Ошентип уулум экөөбүз 10 жыл өз алдыбызча жашадык. Ал арада кыйынчылыктар да, бактылуу көз ирмемдер да көп болду. 19 жашында балам үйлөнүп, чырактай келиним төрөттөн каза болуп калды. Келинимдин кыркылыгын берип жаткан күнү балам муунуп алды. Ошол жалгызымдан айрылган күндүн күйүтүн көтөрө албай, акырындан ичкиликке берилип кеттим. Ичсем эле күйүтүм бир аз унутулат. Соолуксам эле "кирейин десем жер катуу, өлөйүн десем жан таттуу" болуп жүрдүм. Үйдүн ортончусу болгондуктан бир туугандарым мени жалгыз калтырган жок. Дарылатып, колдон келишинче карашты. Болбой эле жашынып ичип алам. Ошентип беш-алты жыл өткөндөн кийин дарыланып, бир аз оңолгондо азыркы жолдошума турмушка чыккам. Күйөөм дурус адам. Анын деле турмуштан алган жарааты бар. Балалуу болгон эмес. Турмуш кургандан бери оозума эч ачкыл ала элекмин. Өзүмдү кармайм. Күйөөм да "оозуң арак жыттанса эле кетесиң" деген. Бирок кээде ичким келет. Алаксыганга аракет кылганым менен кыйналам. Ичип алуудан корком. Мурдагы таз кейпиме кайтып баргым келбейт. Кантип алаксып же бул балакетти биротоло унута алам. Анткени азыр жашоого кызыгуум ойгонуп, көңүлүм аз да болсо ачылып калды.
Психолог Гүлнара Жасоолова: негизи жашоодогу кыйынчылыкты, азап-кайгыны ичкиликтин жардамы менен жеңем деген — бул аң-сезимдин туура эмес ой жүгүртүүсүнөн келип чыгат. Ал утурумдук эле алаксуу. Бара-бара берилип кеткенин көптөрү байкабай калат. Муну оору катары кабыл алуу керек. Көптөгөн психолог, наркологдор ичкиликке берилүүнү оору катары карашат. Мисалы, башыбыз же башка органдарыбыз ооруса дарыгерге кайрылгандай эле муну да оору катары кабылдап, адиске баруу керек. Ага психологиялык жактан адам өзүн да даярдоо зарыл. Ар бир оорунун мүнөздөмөсү, белгилери жана сакаюу этабы бар. Айрымдары дароо эле айыгып кетпейт. Ошол сыяктуу эле муну көп этаптар менен дарыласа ичкиликтен толук арылат. Ичкиңиз келип, бирок коркунуч сезимден улам өзүңүздү кармап жатканыңызды жаздыңыз. Жолдошуңуз менен кандайдыр бир себептер менен эки башка жолго түшсөңүз эле ичип алышыңыз мүмкүндүгүн айтып жатасыз. Анда бул утурумдук нерсе. Башканы алдоо оңой, бирок адамдын өзүн алдоосу кыйын. Сиз өзүңүздү алдабай, чечкиндүү түрдө ташташыңыз керек. Эгер күчүңүз жетпей жатса наркологго, психиатрга же психологго кайрылыңыз. Адам өзүнө ишенбеген учурда ушундай жагдайлар келип чыгат.