"Унчукпай турчу" дегениби? Зеленский туш болгон окуя талкуу жаратты

Украина башчысын Люксембургдун премьер-министри ыңгайсыз абалга калтырганын айтышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский Европалык саясий шериктештиктин саммитине келип, Сербиянын президенти Александр Вучич жана Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттел менен сүйлөшүүгө аракет кылган. Бирок Беттел аны токтотуп койгонун РЕН ТВ билдирди.
Telegraf Balkan YouTube каналына жарыялаган видеодон кыска сүйлөшүүдөн кийин үч мамлекеттин башчылары алдыга басып баратканын жана Беттел Вучич менен бир нерсени талкуулай баштаганын көрүүгө болот. Зеленский диалогго кошулууга аракет кылганда Люксембургдун премьер-министри, ЖМКлар билдиргендей, аны унчукпай турууга чакырган жаңсоону көрсөткөн. Андан кийин Зеленский окуяны видеого тартып жаткан журналисттерге жылмайып, унчукпай калганын көрүүгө болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи: Украинадагы коргонуу компанияларынын кеңселери Россия үчүн бута болот