Ала-Арча жаратылыш паркы эки күнгө жабылат. Себеби

Ала-Арчада эс алууну көздөп жаткандарга дем алыш күндөрүн алдын ала пландап алуу сунушталат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы 7-июнь жана 10-июнь күндөрү жабык болот. Бул тууралуу парктын администрациясы кабарлады.
"Бул күндөрү паркты тазалоо, ички оңдоо иштери жүргүзүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Андыктан Ала-Арчада эс алууну көздөп жаткандарга дем алыш күндөрүн алдын ала пландап алуу сунушталат.
Ала-Арча паркы — Бишкек шаарынан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Шаардыктардын сүйүктүү эс алуучу жайына айланган жерлердин бири.
Өзгөндүн борбордук стадиону жана Орто-Коргон паркы 2 млн. долларга оңдолот