АКШда ЛГБТ өкүлдөрү менен мектеп окуучуларынын ата-энелери мушташты. Видео

Кагылышуудан бир киши жабыркаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. АКШнын Лос-Анжелес штатында башталгыч класстын окуучуларынын ата-энелери ЛГБТ жактоочулары менен мушташа кетти. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына шилтеме берүү менен RT билдирди.
Маалыматка караганда, ата-энелер мектептердеги ЛГБТ пропагандасына каршы "Балдарыбызды жайына койгула!" деген ураан менен пикетке чыгышкан. Бирок салттуу эмес жактардын активисттери акцияны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан.
Нааразычылык акциясына салттуу эмес сексуалдык багыттарды карманган топторго арналган иш-чаралар таңууланып өткөрүлүп жатканы себеп болду.
Кагылышуудан бир киши жабыркады.
Лейлекте жергиликтүү тургундар менен аскер кызматкерлери мушташа кетти. Видео