4-июнга карата аба ырайы

4-июнга караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жекшембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонду. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурсы Чүйдө +29...+34, Талас өрөөнүндө +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +31...+36, Ысык-Көл облусунда +20...+25, Нарын жергесинде +21...+26 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +34...+36, ал эми Чолпон-Атада +20...+22 градуска чейин көтөрүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым учурларда 15-20 метрге жетерин айтышты.
Бишкек: жакында "Тазалыктын" техникаларынын иштегенин онлайн көрүп турууга болот