Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчи: Украинадагы коргонуу компанияларынын кеңселери Россия үчүн бута болот

Буга чейин Владимир Зеленский Британиянын коргонуу компанияларынын өкүлдөрү менен Украинада бул жаатта кубаттуу өндүрүштөгү ишканаларды түптөөнү сүйлөшкөнүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Эгерде Украинада коргонуу жаатындагы британиялык компаниялар ачылса, ал россиялык Куралдуу күчтөрдүн мыйзамдуу бутасына айланат. Бул туурасында Россиянын Улуу Британиядагы элчиси Андрей Келин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ушул иштин айланасында кеңсенин (британиялык BAE Systems деп аталган коргонуу боюнча иштеген компания — ред.) ачылышына байланыштуу жайылтылган пиарларга, Батыштын техникасын чыгаруучу мындай объектилер качан ачылганына карабай, баары бир биздин мыйзамдуу бутага айланарын белгилей кетким келет", — деген Келин "Россия 24" телеканалына берген маегинде.
Буга Киев режиминин башчысы Владимир Зеленский Британиянын коргонуу жаатындагы иш алып барган BAE Systems компаниясынын өкүлдөрү менен Украинада бул жаатта кубаттуу аскердик техникаларды жасап чыгаруу жана оңдоп-түзөө боюнча ишкана түптөөнү сүйлөшкөнүн айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британия Украинага алыскы аралыкка аткан дрондорду берүүнү чечти