Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолукту. Талкууланган маселе

Өлкө лидерлери эки өлкө ортосундагы достук жана ынак коңшулук байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн ырасташты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Чолпон-Атадан жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө лидерлери кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечегин, аймактык жана эл аралык күн тартибинин артыкчылыктарын талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Мамлекет башчылары акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын макулдашуу боюнча жетишилген натыйжага канааттануусун билдиришти.
Жапаров менен Рахмон сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу улантууну жана өз ара сый-урматтын жана ишенимдин негизинде алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты.
Өлкө лидерлери эки өлкө ортосундагы достук жана ынак коңшулук байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн ырастап, бардык пайда болгон маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Белгилей кетсек, Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу болуп жатат.
Кыргызстанга Европа кеңешинин президенти келди