Бишкекте "Орус сахнасынын тандалган образдары" аттуу көргөзмө ачылды. Видео

Быйыл экспозиция европалык эки өлкөдө дагы тартууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Орус сахнасынын тандалган образдары" аттуу көргөзмө ачылды.
Анда Александра театрынын XIX-XX кылымдагы легендарлуу спектаклдериндеги көшөгөлөр менен декорациялык жасалгалардын эскиздеринин санариптик көчүрмөлөрү коюлган.
Жалпысынан көрүүчүлөрдүн назарына 30га жакын экспонат коюлган.
1 / 3

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Орус сахнасынын тандалган образдары" аттуу көргөзмө ачылды

2 / 3

Анда Александра театрынын XIX-XX кылымдагы легендарлуу спектаклдериндеги көшөгөлөр менен декорациялык жасалгалардын эскиздеринин санариптик көчүрмөлөрү коюлган

3 / 3

Көргөзмөнүн ачылышына Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев жана башкалар катышты

Драма театрдын директору Асылбек Өзүбеков: "Ошол жылдарда эле биздин азыркы көшөгөлөрдөгү оюулардын болгондугуна таң калып жатам", — деди.
Россия театрынын директору Сергей Емельянов экпонаттар тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
"Бул жерге дээрлик отузга жакын экспонат коюлду, булар 300 жылдык тарыхы бар Александра театрынын спектаклдеринин эң белгилүү көркөм образдары", — деди Емельянов.
Көргөзмөнүн ачылышына Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев жана башкалар катышты.
Быйыл экспозиция европалык эки өлкөдө дагы тартууланды.
Кыргызстандык балдар Россиядагы эл аралык лагерлерге чакырылат. Жаңы келишим