Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ аскерлери Украина менен чектешкен аймакта 50дөн ашуун террорчуну жок кылды

Министрлик украин түзүмдөрүнө россиялык артиллерия менен сокку урган учурдун видеосун көрсөттү.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Белгород облусундагы чек арада Украина тараптагы 50дөн ашуун террорчу, төрт ок өтпөс унаа, БМ-21 "Град" залптык октук реактивдүү тутумунун аскердик машинасы, бир пикап жок кылынды. Бул туурасында Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
"Батыш" аскер бөлүгүнүн кан-жанын аябай жасаган таамай аракеттеринин жыйынтыгында киевдик режим Белгород облусунун Шебенкино шаарындагы жай тургундарга карата теракт уюштуруу боюнча дагы бир аракетинө бөгөт койду", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Коргоо министрлиги Белгород облусуна кирүүгө аракет кылган каршылаштардын резервине жана украин түзүмдөрүнө россиялык артиллерия менен сокку урган учурдун видеосун көрсөттү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина аскерлери Белгороддо убактылуу жайгашкан элди аткылады. Каза болгондор бар