БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Ысык-Көлгө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Ал 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.
Буга чейин Казакстан менен Тажикстандын президенттери жана Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары келген.