Радио

Кыргызстандагы колледждердин рейтинги аныкталат

Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов колледждердин рейтингин аныктоо кесиптик билим берүүнүн сапатын жакшыртарын айтты.
Sputnik
Кыргызстандагы бардык колледждердин рейтинги аныкталат. Былтыр пилоттук долбоор катары өлкөдөгү сегиз колледж сегиз критерийдин негизинде текшерилип, көйгөйлөр, артыкчылыктар белгилүү болгон. Бул тууралуу Төөлөсбай Абылкасымов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көп жылдар бою орто кесиптик билим берген окуу жайлардын мугалимдери квалификациясын жогорулаткан эмес.
"Кесиптик стандарттардын негизинде жогорку, орто кесиптик окуу жайлары негизги билим берүү программаларын жаңыртышы керек. Базалык билим берүү программаларын жаңыртуудагы талаптардын бири иш берүүчү менен тыгыз байланыш болуп саналат. Өзгөрүп жаткан дүйнөгө ыңгайлашып, орто кесиптик билим берүү тармагына тиешелүү тармактар менен тыгыз байланышта болуу абзел. Былтыр пилоттук долбоор катары өлкөдөгү сегиз колледж сегиз критерийдин негизинде текшерилип, көйгөйлөр, артыкчылыктар белгилүү болгон. Эми Кыргызстандагы бардык колледждердин рейтинги аныкталып, баалоо институту түзүлөт. Рейтинг билим берүүнүн сапатын жакшыртып, өндүрүшкө мыкты адистерди даярдайт", — деди Абылкасымов.
Ошондой эле адис окуу жайлар кесиптик стандарттарды иштеп чыгып мамлекеттик стандартты жаңылоо зарылдыгын кошумчалады.