Кыргызстандын паратриатлон боюнча командасы Азия чемпионатына катышат

Мелдеш Самарканд шаарында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстандын паратриатлон боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышарын Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 7-11-июнь күндөрү Самарканд шаарында өтөт.
Курама команданын тизмеси:
Жалалидин Абдувалиев;
Дастан Камчыбеков;
Гүлназ Жузаева;
Айтунук Жомарт кызы;
Артем Шамилов (коштоп жүрүүчү);
Алёна Пучкина (коштоп жүрүүчү);
Алина Маримьянина (коштоп жүрүүчү).
Кыргызстандын курама командасы башкы машыктыруучусу Андрей Хандаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышары айтылды.
Радио
Болотбеков: киберспортко кыздар көп кызыга баштады