Кара-Балтада фермерди опузалаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Видео

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кара-Балта шаарында фермерди коркутуп-үркүтүү жолу менен акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, алар айыл чарба фермасынын ээсин ур-токмокко алабыз жана материалдык зыян келтиребиз деп коркутуп, андан 150 миң сом талап кылган. Натыйжада кылмыштуу топтун мүчөлөрү К.Б. жана Т.М. талап кылган каражаттын 130 миң сомун алып жаткан жеринен кармалган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен иш козголуп, шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.
Июнь окуясында Сузакта подполковникти өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды