Радио

Алиева: гепатиттин вирустук түрүнөн башкасын да алдын алууну билиш керек

Инфекционист-гепатолог Кымбат Алиева гепатит илдетинин түрлөрү жана алардын айырмачылыктары тууралуу айтты.
Sputnik
Гепатит десе эле бизде көбүнесе вирустук түрүн түшүнүшөт. Бирок бул ооруга алып келген башка да себептер арбын. Алсак, дарыны туура эмес колдонуудан, аутоиммундук түрү, алкоголдон жана химикаттардан, ысык жайларда адаттан сырткары көп эмгектенүүдөн келип чыккан түрлөрү бар. Бул тууралуу Кымбат Алиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 2000-жылдан баштап ымыркайларды гепатитке эмдөө улуттук календарга киргизилген.
"Гепатит илдети вирустан сырткары алкоголду көп ичкендерде пайда болот. Спирт ичимдиктеринен боор жабыркайт. Ушундай эле көрүнүшкө дарыны өзү билип иче берген адамдар да кабылышы мүмкүн. Азыр өлкөдө дарыдан улам пайда болгон гепатит да жайылып баратат. Анткени түрдүү биологиялык активдүү заттарды, витаминдерди адамдар дарыгердин консультациясын албастан ичип жатышат. Ошондой эле ооруп калган учурда да дарыканадан каалаган дарысын алып иче беришет. Мындан сырткары, химиялык уулуу заттар, түрдүү сыр, боёктор менен иштегендерде да аталган илдеттин пайда болуу ыктымалдыгы жогору. Дайыма ысыкта, ашканада, тандырда 10-12 сааттап иштегендер боорун жабыркатып алышы мүмкүн. Ал эми вирустук гепатит кан аркылуу жана жыныстык жол менен жугуп А, В,С,D жана Е топторуна бөлүнөт. "А гепатити — бул кир колдун оорусу" деп да аталат, эл оозунда сарык деп жүрөт. Муну менен көбүнесе жаш балдар ооруп, айыгып кетишет. Вирустук гепатиттин башка түрлөрүнөн айырмаланып шилекей аркылуу да жугат. Ал эми Е түрү өтө сейрек кездешет, көбүнесе кош бойлуу келиндер жабыркайт. В, С, D түрлөрүн биз кан аркылуу сулуулук салондорунан, стамотологиялардан жана башка кан менен иштеген жайлардан жуктуруп алышыбыз мүмкүн. Учурда В түрүнөн гана эмдөө бар. Аны адам вирус жуктуруп алгандан кийин алса болбойт. Андыктан алдын алуу максатында учурда жүргүзүлүп жаткан бекер эмдөөдөн кыргызстандыктар өтүп алганы дурус", —деди Алиева.
Дарыгер гепатиттин аутоиммундук түрү да болорун, ал адамдын клеткалары өз организмине каршы иштешинен келип чыгарын кошумчалады.