Ысык-Көлгө келген Эмомали Рахмонду Акылбек Жапаров тосуп алды

Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандын башчылары жана Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары катышмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
1 / 2

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

2 / 2

Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды

Эмомали Рахмон 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышат.
Буга чейин ушул эле аба майдандан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди тосуп алышкан.
Кыргызстанга Европа кеңешинин президенти келди