Чолпон-Атага Борбор Азия лидерлери топтолуп саммит башталды

Чолпон-Атага Борбор Азия лидерлери топтолуп саммит башталды
Өлкө лидерлери кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин жыйындар залына кирип кетишти.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бүгүн, 2-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу башталды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
№2 мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлуна кирер алдында Садыр Жапаров делегация башчыларынын ар бирин — ЕБ президенти Шарль Мишелди, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери: Касым-Жомарт Токаевди, Эмомали Рахмонду, Шавкат Мирзиеевди жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесовду тосуп алды", — деп айтылат маалыматта.
Алар кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин жыйындар залына киришти.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапров Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон менен Чолпон-Атадан жолугушуу учурунда
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолукту. Талкууланган маселе