Бишкек РФтен тигүүчү цехтен чыккан калдыкты утилизациялаган жабдуу сатып алды

Жабдуу шаардык бюджеттин эсебинен 12 миллион сомго сатып алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы Россиядан тигүү цехтеринен чыккан калдыктарды утилизациялаган атайын жабдык сатып алды. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров Ленин районунун жашоочулары менен жолукканда айтты.
Анын айтымында, борбор калаада 250дөн ашык жеке тигүүчү цехтер менен фабрикалар иштейт.
"Өндүрүш калдыктарын таштанды контейнерлеринин жанына таштап кетишет. Анын баары полигонго төгүлүп жатат да. Ал эми синтетикалык кездеме оңой күйөт", — деди Абдыкадыров.
Жабдуу 12 миллион сомго сатып алынган. Каражат шаардык бюджеттен бөлүндү. Муниципалдык кызматтар ар бир ишкана менен таштандыны чыгарып кетүү жана утилизациялоо боюнча келишим түзөт.
"Тазалык" ишканасынын башчысы сокулуктуктарга кайрылды