БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкекте алгачкы жолу Россия менен биргеликте уюштурулган жарым марафон өтөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунан билдирди.
Анын өзгөчөлүгү — ошол эле күнү Россиянын 85 аймагындагы 150 миңден ашуун адам катышкан "ЗаБег.РФ" деген аталыштагы марафон болот. Мындан тышкары, 10 миңге жакын жөө күлүк Беларусь, Тажикстан, Кытай жана Арменияда жарышка түшөт.
© Фото / организаторы полумарафона "One Run"
4-июнда өтчү иш-чараны Кыргызстандан Жеңил атлетика федерациясы менен Россиянын "Лига героев" бирикмеси уюштуруп жатат.
Жарым марафондун негизги максаты – сергек жашоо образын жана спортту жайылтуу.
One Run марафону — биринчи жолу Россияда 2017-жылы өткөн. Бул жылы иш-чара эл аралык статуска ээ болуп, Россиянын чегинен башка жерге ишке ашканы турат.