Акжол Махмудовдун агасы Бишкектеги рейтингдик турнирде коло алды. Сүрөт

Бексултан Олимпиаданын күмүш байге ээси Акжол Махмудовдун бир тууган агасы.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Бексултан Махмудов Бишкекте өтүп жаткан Бириккен күрөш уюмунун (UWW) рейтингдик турниринде коло байге утту.
Спортчу 97 килограмм салмак категориясында беттешти. Алгач кытайлык балбанга 1:1 эсебинде жеңилген. Ал эми жубатуучу беттеште башка кытайлык балбанды уткан. Коло байге үчүн кармашта казакстандык балбанды жеңген.
1 / 2

Кыргызстандык балбан Бексултан Махмудов Бишкекте өтүп жаткан Бириккен күрөш уюмунун (UWW) рейтингдик турниринде коло байге утту

2 / 2

Спортчу 97 килограмм салмак категориясында беттешти

Белгилей кетсек, Бексултан Олимпиаданын күмүш байге ээси Акжол Махмудовдун бир тууган агасы.
Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк мелдеш Bishkek Arena спорт комплексинде өтүүдө. Мелдешке жалпы 20дан ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышууда. Арасында Олимпиаданын жана дүйнө чемпионатынын байге ээлери бар.
Балбан Дастан Кадыров Бишкектеги ири турнирде алгачкы медалды алды. Сүрөт