Аскерлер апкаарып калды. Байдендин үстөмөндөп жыгылган видеосу

Байден Колорадо штатынан кайтып келип, тик учактан түшүп жатканда каалгага башын уруп алганын билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Spuitnik. АКШнын президенти Жозеф Байден сахнадан, тагыраагы, түз эле жерден үстөмөндөп жыгылып, өзү эле эмес, иш-чарага катышып жаткан жоокерлерди да оңтойсуз абалга кептеди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Окуя Колорадо штатында америкалык Аскер-аба күчтөрүнүн академиясындагы курсанттардын окуусунун аякташына арналган иш-чарада болгон.
Кадрдан Ак үй башчысы трибунада курсанттын колун кысып, урмат көрсөтүп, колун чекесине такаган аскер алдыга жылганын көрүүгө болот. Солго бурулуп кадам таштаган Байден чалынып кетип, үстөмөндөп жыгылган. Ошол жерде турган башка аскер кызматкери президентти кармап калганга жетишпей, бирок баары бир өйдө кылганга шашкан. Бир нече кадам ары жакта турган жан сакчылары келе калып, баарылап колтуктап тургузушкан.
АКШ лидери колу-бутун ооруксунтуп алганы туурасында азырынча маалыматтар жок. Бирок президенттик пулдун журналисттери Байден Колорадо штатында өткөн бул иш-чарадан кайтып келип, тик учактан түшүп жатканда каалгага башын уруп алганын билдиришти.
Эске салсак, Байден АКШнын эң улгайган президенти, учурда 81 жашта. Анын ыңгайсыздык жараткан же күлкүлүү кырдаалга кабылган учурлары акыркы мезгилде арбыды. Байдендин атаандаштары мындай нерселердин себеби карылык жана ден соолугунун соо эместиги деп айтып келишет.
Трамптын элдин көзүнчө Байденди туурап, аны шылдыңдаган видеосу