Радио

Алыбаев: "КамАЗ" 500гө чукул кыргызстандыкты ишке алууга даяр

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев мигранттарга шарт түзүү үчүн жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Sputnik
"КамАЗ" 500гө чукул кыргыз жаранын ишке алууга даяр экенин белгиледи. Бул тууралуу Алмаз Алыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Россиянын ири иш берүүчүлөрү менен келишимдер мигранттардын укугун камсыздоо жаатында мамлекеттик көзөмөлдү жакшыртат.
"Татарстандагы 61 өндүрүштүк ишкана жайгашкан "Алабуга" эркин экномикалык аймагы менен келишим түзүлдү. Ага ылайык, кыргыз жарандарын аталган аймакка жумушка орноштурууга мүмкүндүк түзүлдү. Мындан тышкары, "КамАЗ" заводунун жетекчилиги менен жолугушуулар болду. Аталган ишкана 500дөй кыргыз жаранын ишке алууга даярдыгын билдирди. Учурда бул боюнча келишим түзүү аракеттери жасалууда. Ага жарандарды ишкана тарабынан окутуу, жол киресин төлөтүү жана социалдык пакеттерин камсыздоону киргизүү мерчемделүүдө. Ошондой эле жатакананын баасын айына 1 500 рубль кылып берүүсү каралып жатат. Бул келишимдер миңдеген кишини легалдуу ишке орноштурууга мүмкүндүк берди. Ал үчүн жарандар электрондук кол тамга алып, "Түндүк" порталы аркылуу Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун автоматташтырылган маалымат системасына анкета калтыруусу керек", — деди Алыбаев.
Ошондой эле ал миграциялык концепция кабыл алынып, анын алкагында иштер жүрө баштаганын кошумчалады.