БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүдө +27...+32, Таласта +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +19...+24 жана Нарында +16...+21 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +30...+32 жана Ош шаарында +33...+35 градусту көрсөтөт.