БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан балдардын ден соолугуна кам көрүүгө, социалдык жактан коргоого, ата-бабаларыбыздан калган рухий баалуулуктардын таасиринде тарбиялоого, заманбап билим берүүгө болгон аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда билдирди.
Өлкө башчы кайсы гана өлкө, кайсы гана эл болбосун, бала – бул бакыт, бала – бул жашоо маңызы деп айтылып, балага мээрим төгүү жана кам көрүү баарынан жогору бааланарын белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттин социалдык саясатында дагы эң маанилүү, артыкчылык берилген багыттарынын бири катары каралат.
"Кылымдарды карыткан кыргыз элинде балдарга кам көрүүгө эзелтеден өзгөчө маани берилип, “Тегиңди сактайм десең уул тарбияла, улутуңду сактайм десең кыз тарбияла”, – деген накыл сөздө туюнтулгандай, төрөлгөндө бешик ыры менен, эс тартканы мекенчилдикке, баатырдыкка үндөгөн ар кандай аңгеме-жомок, макал-лакап, накыл кептер менен таалим-тарбияга сугарып келишкен. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан балдардын ден соолугуна кам көрүүгө, социалдык жактан коргоого, ата-бабаларыбыздан калган рухий баалуулуктардын таасиринде тарбиялоого, заманбап билим берүүгө болгон аракеттер көрүлүп жатат. Себеби ар бир үй-бүлөнүн да, өлкөбүздүн да ийгилиги менен жетишкендиги таалим-тарбия көргөн, сапаттуу билим алган, ден соолугу чың балдардын колунда экенин жакшы билебиз", — деди президент.
Жапаров куттуктоосунда бардык ата-энелерди балдарга мээрим төгүп, камкор мамиле кылууга чакырып, балдардын ар бир күнү жакшы маанай, жаркын элестер менен унутулгус сезимдерге толушун каалаган.
"Силердин келечегиңер алдыда. Эң алды менен улууларды урматтап, ата-энеңерди сыйлагыла. Ой-кыялыңардын ишке ашуусу үчүн жакшы окуганга умтулуп, талбай билим алгыла. Элдин сыймыктуу уулу, сыймыктуу кызы болгула!" — деп сөзүн жыйынтыктады өлкө башчы.