БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош түрк элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүүнү каалаган.
Түркиянын президенти жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды.
Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын жана келечегин талкуулашты.
Белгилей кетсек, 28-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, Эрдоган добуштардын 52 пайызын алып утуп чыккан.
14-майдагы президенттик шайлоонун биринчи турунда эч бир талапкер 50 пайыз добуш ала албагандыктан экинчи айлампасын өткөрүү чечими кабыл алынган. Анда Эрдоган добуштардын 49,52 пайызын, атаандашы Кемал Кылычдароглу 44,88 пайызын, Синан Оган 5,17 пайызын алган. Синан экинчи турда Эрдоганды колдоону үндөгөн.