Россия Кыргызстанга тик учак берери айтылды. Чоо-жайы

Россия ӨКМи кыргызстандык кесиптештерине тик учакты быйыл берери күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Россия ӨКМи техникалык жардам көрсөтүүнүн алкагында кыргызстандык кесиптештерине суу агызуучу жабдуу орнотулган Ми-8 тик учагын берет. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн аталган министрлигине таянуу менен жазды.
"Техникалык колдоо көрсөтүү долбоорунун алкагында быйыл Кыргызстандын ӨКМине ВСУ-5 суу агызуу жабдуусу орнотулган Ми-8 тик учагы берилет", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын март айында РФ президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен Кыргызстанга россиялык өндүрүштөн чыккан 40 өрт өчүрүүчү автоцистерна алып келинген. Техниканы тапшыруу аземинде тик учак да жеткирилери айтылган (тик учак менен өрттү өчүрүү техникасынын жалпы баасы 1,3 миллиард рубль). Анын атайын тоолуу шартка ылайыкталып жасалганы маалымдалган болчу.
Президент Садыр Жапаров буга чейин быйыл план боюнча Россия Кыргызстанга модернизацияланган Ми-8 тик учагын берерин билдирген.
ӨКМ жаңы төрт автоунаалуу болду. Корея берген машиналардын сүрөтү