Пресс-борбор

Гепатит менен күрөшүүдө Россия Кыргызстанга колдоо көрсөтүп келет

Россия берген мобилдик клиникалар алыскы айылдарга чейин барат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда гепатитти дарылоодо Россиянын салымы канчалык экенин республиканын саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү айтып берди.
"Роспотребнадзордогу россиялык кесиптештердин арты менен 2016-жылдан тарта Кыргызстанда беш мобилдик клиника иштеп жатат. Учурдан пайдаланып ыраазычылык билдиргим келет", — деди Саламаттык сактоо министрлигинин коомдун саламаттыгы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Анара Мамбетисаева.
Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүткан Чокморова өлкөдө гепатит менен ооругандарды аныктоо боюнча активдүү иш жүргүзүлүп жатканын айтты. Россия алып берген мобилдик клиникалар өлкөнүн бардык облустарында иштеп жатканы жана алыскы айылдарга чейин барып турары белгиленди.
Пресс-борбор
Гепатитти сулуулук салондо да жуктуруп алууга мүмкүн. Өлкөдө ооругандар көп чыгууда