Өзгөндүн борбордук стадиону жана Орто-Коргон паркы 2 млн. долларга оңдолот

Эс алуу багынын аянты 7,8 гектарды түзөт, ал толугу менен жаңыланат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Өзгөн шаарындагы борбордук стадион жана Орто–Коргон эс алуу паркы реконструкцияланарын президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Өзгөн шаарындагы борбордук стадион жана Орто–Коргон эс алуу паркы реконструкцияланарын президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди

2 / 3

Облус башчы Элчибек Жантаев реконструкциялоо долбоору менен танышкан

3 / 3

Өзгөн байыркы шаарлардын катарына киргендигин жана туристтердин көп келери эске алынып, туризмди өнүктүрүү максатында 2 миллион доллар грант АРИС тарабынан бөлүнгөн.

Облус башчы Элчибек Жантаев реконструкциялоо долбоору менен танышкан. Өзгөн байыркы шаарлардын катарына киргендигин жана туристтердин көп келери эске алынып, туризмди өнүктүрүү максатында 2 миллион доллар грант АРИС тарабынан бөлүнгөн.
Эс алуу багынын аянты 7,8 гектар, анда төмөнкүлөрдү жасоо пландалууда:
Кирүүчү дарбаза;
Фонтан;
Флагшток;
Көрүү аянтчасы;
Суу кампасы;
Жаш балдар ойноочу аттракциондор;
Ажаткана:
Стол оюндары үчүн жай;
Жайкы театр;
400 киловаттык трансформатор.
Оштун эскирген борбордук стадионун оңдоп-түзөө иштери башталды