Кыргызстанда күн ысыкта жүк ташуучу унаалардын жолдо жүрүшүнө тыюу салынды

Мындай эреже 1-сентябрга чейин күчүндө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда оор жүк ташуучу унааларга абанын температурасы 28 градустан жогору болгон учурда саат 10:00дөн 20:00гө чейин жолдо жүрүүгө тыюу салынды.
Аталган буйрукту Транспорт жана коммуникациялар министрлиги чыгарды. Тагыраак айтканда, жалпы массасы 18 тоннадан жогору болгон унаалардын кыймылына чек коюлат. Мындай эреже 1-сентябрга чейин күчүндө болот.
Буйрук жүргүнчү, гуманитардык жардамдарды, тез бузулуучу азыктарды ташыгандарга тиешелүү эмес. Ал эми унаа жолдорун оңдоо менен алектенген оор техникалар токтоосуз жүрө алышат.
Мындай эреженин аткарылышын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору көзөмөлдөйт.
Нефтетрейдерлер ассоциациясы: жакынкы күндөрү бензин 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн