БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда орус тили бааланат, эл аны өзү тандайт. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов "Орус тили санарип технологиялар доорунда КМШдагы тилдер менен маданияттарды байланыштырган тил катары" деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөп жатып айтты.
Иш-чараны Кыргыз улуттук университети менен КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фонду уюштурган.
"Мени алыскы Ат-Башы районунда бир да орус жок экенине карабай орус тилдүү мектептин иштеп жатышы таң калтырат. Орус тили мына ушундай баада. Бизди эч ким жарлык менен да, буйрук менен да мажбурлабайт. Эл өзү тандап алат", — деди Абдырахманов.
Ректор Россия бийлигинин Кыргызстанда тогуз мектеп куруу демилгеси жакшы чечим болгонун белгиледи.
Эскерте кетсек, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде 2023-жыл улуттар аралык байланыштын тили катары Орус тилинин жылы деп жарыяланган.